Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Чүй облусуМосква району 20.09.2019 17:46

Москва  районунда «Коопсуз жол» акциясы өттү

Turmush -  Бүгүн, 20-сентябрда Чүй облусунун Москва районунда «Көңүл бургула, балдар» аттуу иш-чаранын алкагында «Коопсуз жол» акциясы өткөрүлдү. Ага Москва райадминистрациясынын, райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, мугалимдер жана окуучулар катышты.

Алар райондун борбордук көчөсүндө ЖКККБнын кызматкерлеринин коштоосунда жөө жүрүш жасашты. Андан соң борбордук аянтка топтолушту. Анда ЖКККБнын башчысы, милициянын капитаны Кубан Кулманбетов жол коопсуздугун сактоо ар бир атуулдун ыйык милдети экенине токтолуп, «Коопсуз жол» акциясына ийгилик каалады.

Акцияда агитбригада өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Ошондой эле жол эрежелерин сактоо боюнча флешмоб жана сүрөт көргөзмөлөрү уюштурулду. Иш-чарада өзгөчөлөнгөн Ак-Суу №1 жана №2, Беловодск №2 жана №3, Петровка, Биринчи май жана башка мектептерге райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Наргиза Умарова ардак грамота тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×