Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Чүй облусуАламүдүн району 20.09.2019 11:21

Аялын Ат-Башыга чейин издеп барган ата жана балдарынын тагдыры

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Мындан 3 жыл мурун Аламүдүн районундагы Таш-Мойнок айыл өкмөтүнө караштуу Беш-Күнгөй айылына жакын жайгашкан Кызыл-Жылдыз дачасында рейд жүрүп, анда 2 өспүрүм бала кароосуз калгандыгы жана оор шартта жашап жаткандыгы аныкталган.

Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн кызматкерлери учурда балдар апасына берилгенин, ал эми атасы Руслан эки жыл мурун ичкиликтин айынан каза болгонун айтышты.

«Айыл тургундары балдар 3 күндөн бери сабакка барбай, кароосуз калганын билдиришкен. Рейд жүргүзүп, текшерип барганда атасы Ат-Башыга аялын издеп барганын, ошол маалда балдары жалгыз калганын айткан. Балдар оор шартта жашап жаткандыктан комиссия аларды балдар үйүнө алып кетүүгө ниеттенишкен. Бирок атасы каршы болуп, ошол күнү бербей койгон. Кийин балдарды балдар үйүнө өткөрүп бергенбиз. Балдар атасын жакшы көрүшөт экен. Атасына качып жүрүштү. Тилекке каршы атасы үйүнө спирт ичимдигин ичип келип, төшөктө жаткан бойдон каза болуп калды. Андан соң балдардын энеси келип, аларды алып кеткен», - деп билдиришти айыл өкмөттөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×