Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Чүй облусу, Токмок 19.09.2019 15:13

Токмокто жол коопсуздугу боюнча бир айлык жүрүп жатат

Turmush -  Токмок шаарында «Балдар, абайлагыла» аталышындагы бир айлыктын негизинде бала бакчалар менен мектептерде жол коопсуздугу боюнча бир катар иш-чаралар өтүп жатат. Бул тууралуу Токмок шаардык мэриясынан билдиришти.

Иш-чаранын максаты — жаш өспүрүмдөрдү жолдо жүрүүнүн эрежелерин сактоого чакыруу жана жоопкерчиликтүү болууга үндөө болуп саналат. Учурда бардык мектептерде жол марафону башталып, окуучулар профилактикалык иштерге активдүү катышып жатат. Анда башталгыч класстын окуучулары асфальтка жол эрежелери боюнча өз түшүнүктөрүн сүрөт кылып түшүрүшсө, ортоңку класстын окуучулары айдоочулар менен жөө жүргүнчүлөргө жол эрежелери боюнча баракчаларды таратып жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×