Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Чүй облусуСокулук району 18.09.2019 12:13 На русском

Сокулукта «Мицубиси Паджеро» өрттөнүп кетти

Turmush -  Сокулук районунун Селекция айылында унаа толугу менен өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн, 18-сентябрда бир тургундун короосундагы «Мицубиси Паджеро» үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн. Учурда өрттүн себеби такталууда.

«Кечинде үй ээлери бир жактан ушул «Мицубиси Паджеро» үлгүсүндөгү унаа менен келишип, короого токтотуп, андан кийин үйүнө киришкен экен. Таңкы саат 04:00 чамасында короодо жарык болуп жатканынан сыртка чыгышыптыр. Өрт эмнеден чыкканы белгисиз экен», - деп билдиришти тургундар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×