Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Чүй облусуАламүдүн району 17.09.2019 10:00 На русском

Өзүнөн улуу аялды талаадан баса калган жигитти айыл тургундары кармап калышты

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Аламүдүн айыл аймагынын төрт тургуну Аламүдүн РИИБдин ыраазычылык каты жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Аларга сыйлык аял кишини зордуктоого аракет жасаган кылмышкерди кармоодо, кылмыштын алдын алууда көрсөткөн эрдиги үчүн берилди.

Сыйлыкты Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, полковник Талантбек Асаналиев өздүк курам сапка тизилген учурда тапшырды. Ал төрт тургунга ыраазычылыгын билдирип, аларды эр жүрөк кылып өстүргөн ата-энесине таазим кылды.

Маалым болгондой, ушул жылдын жай мезгилинде К.Ж. аттуу (орто жаштагы) аял кичи автобустан түшүп, Садовое айылына ээн талаа менен жөө бараткан. Анын жалгыз кетип бара жатканын мурда беш жолу соттолгон жигит көрүп, ошол замат аялга кол салган. Аял болушунча кыйкырып чаңырганда, ары жактан эки жигит чуркап келишкен.

1994-жылы туулган С.Г. аялды бошотуп, өзү качып жөнөгөн. Анын артынан аталган эки жигит, андан кийин дагы эки тургун кубалап, төртөөлөп колго түшүрүшкөн. Андан кийин аны жергиликтүү тескөөчүгө өткөрүп беришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×