Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 15.09.2019 16:43 На русском

Кара-балталык Ерасыл шахмат боюнча Чүй облусунун чемпиону болду

Turmush -  Кара-Балта шаарынын спортчусу шахмат боюнча Чүй облусунун чемпиону болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кара-Балта шаарындагы №6 мектептин 7-классынын окуучусу Ерасыл Маратбеков спорттун шахмат түрү боюнча өткөрүлгөн Чүй облусунун биринчилигинде 14 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында күч сынашкан. Мелдеш 27-29-август күндөрү Ысык-Ата районунун Люксембург айылында өттү.

Буга чейин Turmush басылмасы Ерасыл Казакстанда өткөн шахмат боюнча турнирде жеңүүчү болгонун жазган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×