Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Чүй облусуКемин району 11.09.2019 10:27

Кеминде айылдык ден соолук комитеттеринин 10 жылдык мааракеси белгиленди

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районунда айылдык ден соолук комитеттеринин 10 жылдык мааракеси белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук ден соолук комитетинен билдиришти.

«Биздин райондо 2009-жылы айылдык ден соолук комитеттери түзүлүп, иштеп келе жатканына 10 жыл болду. 9-сентябрь — Айылдык ден соолук комитеттер күнү деп белгиленген. Ушул кош майрамды бириктирип, 10-сентябрь күнү Кемин шаарындагы маданият үйүндө чоң маараке өткөрдүк.

Кемин районунда 36 айыл болсо, анын ичинен 29 айылда айылдык ден соолук комитеттери иштейт. Айылдагы ФАП, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна бул комитеттер жардамчы катары иш алып барышат. Оорулардын алдын алуу боюнча маалыматтарды таратып, ыктыярдык ыкмада иштешет. Кызматкерлер айлык акы алышпайт жана айыл ичинде өз ыктыяры менен элге кызмат кылууну каалаган активист тургундар иштей алышат», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.

Иш-чарага Кемин районунун мамлекеттик администрациясынан, Кемин үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан, Кыргызстан айылдык ден соолук комитеттери ассоциациясынан жана ар бир айылдагы ден соолук комитеттин мүчөлөрү катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×