Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Чүй облусуКемин району 09.09.2019 11:23

Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун жээгине урналар орнотулду

Turmush -  Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун Кемин районундагы аймагына таштанды салынуучу урналар орнотулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кемин райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалым болгондой, орнотулган урналар желим бөтөлкөлөрдү, целлофан баштыктарды жана башкаларды ыргытууга ылайыкталган. 30 урнанын жалпы суммасы 300 миң сомду түзүп, акча каражаты Кемин районунун өнүктүрүү фондунан бөлүндү. Аларды орнотуу жумуштарын райондун №32 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери ишке ашырды. Урналарды тазалап туруу иши да жол тейлөө кызматына жүктөлдү.

Буга чейин, айрыкча жай мезгилинде туристтик сезондо Ысык-Көлгө бара жаткан айдоочу, жүргүнчүлөр тарабынан таштандылар туш келди ыргытылып, ыӊгайсыздык жаралып келген. Ыргытылган таштандылар райондук мамлекеттик администрация тарабынан тазаланып турчу. Таштандылар салынуучу урналар орнотулгандан кийин эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлө баштады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×