Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Чүй облусуСокулук району 09.09.2019 09:37 На русском

Жаңы кыргыз койлорун баккан Ч.Алтыкеев Ахиллести казактын байларына 700 000 сомго сатты

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Асылбаш айылынын тургуну Чоро Алтыкеев Ахиллес аттуу кочкорун казак ишкерлерине 10 миң долларга (698 495 сом) сатты. Ал 15-16 жылдан бери гиссар кой багып келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Башында жалаң гиссар кой бакчумун. Азыр менде аргындаштырылган койлор, кочкорлор бар. Аларды биз жаңы кыргыз койлору деп атап алдык. Бул аталыш убактылуу гана. Дагы жакшылап иштеп чыгып, өзгөчө ат ыйгарабыз. Тажикстандан келген кочкорлор менен биздин кыргыз койлор аргындаштырылган. Арасында эдилбайдын да каны бар. Булар жөнөкөй койго караганда салмактуу, бойлуу, туяктары чоң келет. Ошол эле учурда Тажикстандын гиссар кой-кочкорлоруна караганда чоң. Козулары дагы 12-13 кг салмакка чейин туулуп жатат. Булар кадимки койлордун зооттору десек болот», - деди ал.

Жеке ишкер 10 миң долларга сатылган Ахиллестин өмүр таржымалын да айтып берди.

«Мен баккан кочкорлордун эң чоңу Ахиллес деген кара кочкор. Сүрөттө 1 жаш 6 айлык кези. Ушул кезинде туугандарыма 3 миң долларга саткам. Анын 4 жашында тирүү салмагы 190 килограммга чейин жетип, ушул жылдын февраль айынын аягында казак ишкерлерине 10 миң долларга сатылып кетти. Аны туугандар болуп саттык. Ал Носорог деген кочкордун тукуму. Носорог болсо Тажикстандан келген кочкордун тукуму болгон. Мен ал кочкорду көрө алган жокмун, бирок көргөндөр абдан чоң кочкор болгон деп айтышат. Аны Чүйгө алып келип, койлорго кошушкан экен. Ошондо аргындашып отуруп ушул кочкор (Носорог) туулган. Ахиллес болсо 2015-жылы туулган.

Ахиллес дагы мен жогоруда айткан жаңы кыргыз тукуму. Бул тукум Чүйдө кеңири жайылып баштады. Ал тургай Казакстанга, Россияга, Германияга чейин алып кетишүүдө», - деди ал.

Анын айтымында, бул койлорду багууда өзгөчө ыкма деле жок. Кадимки эле койлорду баккандай бакса болот.

«60 баш койго 1200 түк чөп жыйып коем. Ал чөп кышка жетет. 5-6 тонна жем алабыз. Ал дагы кенен жетет. Бир жылда 10-12 баш козу, кочкор, кой сатам. 5-6 айлык козунун (эркек) алды 1 миң доллардан, эң арзаны 22 миң сомго сатылды. Ургаачылары 15 миң сомдон 20 миң сомго сатылат. Ахиллестин тукумун өткөн жумаларда 70 миң сомго саттым. Тактап айтканда, козу-кочкорлор 200 доллардан 1000 долларга чейин болсо, ургаачылары 200 доллардан 350 долларга чейин сатылат», - деди жеке ишкер.

Чоро Алтыкеев 1977-жылы Сокулук районунун Асылбаш айылында төрөлгөн.

«Үй-бүлөлүүмүн, 3 кыз, 2 уулдун атасымын. Мал чарбабыз Асылбаш айылында жайгашкан. Буюрса ушул койдун тукумун көбөйтсөм дейм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×