Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Чүй облусуПанфилов району 05.09.2019 18:20

«100 000 сомго түтүк коюлуп, бирок...» Букарадагы нааразычылык жана айыл өкмөттүн жообу

Turmush -  Панфилов районуна караштуу Орток айыл аймагындагы Букара айылынын тургундары бюжеттен таза сууга 100 миң сом каралып, бирок жасалган жумуш натыйжасын бербей, суу чыкпай калганына нааразы болушууда.

Алар буга чейин малдын өлүктөрү, акыр-чикир жаткан арыктан суу ичип жатышканын кабарлашкан.

«Айылдын баарына суу жеткирүү үчүн түтүк алып келип орнотушкан. Ага бюджеттен 100 миң сом бөлүнгөн. Бирок, ал түтүктөн эч кандай суу чыккан жок. Кээде көчөнүн башынан жана аягынан эле агып калып жатат. Калган элдер арыктагы суудан ташып ичип жатышат. 21-кылым. Борборубуз Бишкек шаарына жакын жайгашкан аймактардын бири болгон Панфилов районундагы абал ушул», - деп билдиришти айыл тургундары.

Ал эми Орток айыл өкмөтүнүн башчысы Эркин Арыков ушул жуманын аягы менен суу толук чыгарын билдирди.

«Суу бардык жерде чыкпай жатат деген туура эмес. Көчөнүн 70 пайызынан чыгып жатат. Азыр бир жерин оңдоп-түзөөдөн өткөрүп жатабыз. Ошол жери ушул жума аягында аяктайт. Суу чыгат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×