Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Чүй облусуКемин району 04.09.2019 17:28

Кичи-Кемин орто мектебине кийим тигүүчү машина жана компьютер тапшырылды

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Б.М.Юнусалиев атындагы Кичи-Кемин орто мектебинде жеке демөөрчүлөр тарабынан география кабинети ачылып, кийим тигүүчү машиналар алынды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Мектептин мугалимдеринин айтымында, жеке демөөрчүлөрдүн бири мектептеги окуучулардын кесиптик чеберчилигин өркүндөтүү максатында кийим тигүүчү эки даана машинаны белекке берсе, дагы бир демөөрчү 130 миң сомго Токонай Абдымуталипова атындагы география кабинетин ачып берди. Мындан тышкары башка демөөрчүлөр компьютердик класска компьютерлерди алып берип, интернет байланышына кошушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×