Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Чүй облусуЖайыл району 04.09.2019 13:45

Бала тили — бал: Жамгыр төктү, суук тийди ичиме, - 3 жаштагы ырчы Ханзаада

Turmush -  Кичинекей балакайлардын айлана-чөйрөгө көз караштары кандай? Алар сүйүүнү, жаман-жакшыны, таарыныч-сагынууну кандай түшүнүшөт? Ата-энелер жашоо-тиричилик менен жүрүп, балдарынын ой жүгүртүүлөрүн аңдабай калышы мүмкүн. Бул жолку каарманыбыз Ханзаада Казакбаева.

Ал учурда Жайыл районунун Суусамыр айыл өкмөтүнүн Суусамыр айылында жашайт.

- Атын ким?

- Ханзаада.

- Канчадасың?

- 3 (колунун манжаларын көрсөтүп).

- Апаңдын аты ким?

- Бужу

- Атаңдын аты ким?

- Нуйадий (Нурадил).

- Кайсы оюнчук жагат?

- Масина, анан тизип кайра бузган (конструктор).

- Кайсы мультфильм жагат?

- Маша, анан Лол.

- Чоңойгондо ким болосуң?

- Милича болом.

- Милиция кызматкери болуп эмне кыласың?

- Мастарды камайм. Алар мага тийишет да. Мен чоңойгондо апамды багам.

- Эмне кылып багасың?

- Жуунтам, наски апейем. Мен күчүк, мышык жакшы көйөм. Мен алайдын сүйөтүн да тайтам да.

- Сенин канча досуң бар?

- Менде эки дос бай.

- Алар кимдер?

- Бийөсү Нуйкыз, бийөсүн бибейм да.

- Ырдай аласыңбы?

- Оаа.

- Ырдап берчи?

- Жамгыр төктү, суук тийди ичиме. Анан да папа с тобой деп да ыйдайм да.

- Кимди жакшы көрөсүң?

- Энемди жакшы көйөм. Мен магазинге байып энеме тавар тизишем да.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×