Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 04.09.2019 09:47

Ысык-Атада Норус мектебинин жаңы имараты пайдаланууга берилди

Turmush -  Ысык-Ата районуна караштуу Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн Норус айылында Ш.Рахманов атындагы Норус орто мектебинин жаңы имаратынын курулушу аяктап, Билим күнү пайдаланууга берилди.

Мектептин ачылыш аземине вице-премьер министр Алтынай Өмүрбекова, Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов катышты. Мектепке өкмөт тарабынан 5 комплект компьютер тапшырылса, демөөрчү 5 комплект компьютерди белек кылды.

Жаңы мектеп 100 окуучуга ылайыкталып, мамлекеттик бюджеттин эсебинен 20 млн 848 миң сомго курулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×