Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Чүй облусуПанфилов району 03.09.2019 13:09

Панфиловдун Чорголу айылында 1,8 млн сомго жаңы ФАП курулду

Turmush -  Чүй облусунун Панфилов районундагы Фрунзе айыл өкмөтүнө караштуу Чорголу айылында жаңы ФАП курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу айыл өкмөттүн адиси Эрназар Нурмухамедов билдирди.

Анын айтымында, мурунку ФАПтын эскилиги жеткендиктен жаңы имарат курууга муктаждык келип чыккан.

«Биздин айылда ФАПтын шарты жок, дубалдарынан жарака кеткен, кышында суук. Мындан улам айыл өкмөтүндө иштеген адистер айыл өкмөтүнүн башчысы менен биргеликте Чүй облусун өнүктүрүү фондуна долбоор жазып тапшырдык. Ал долбоордун негизинде 1 миллион 811 миң сом акча бөлүндү.

Ошол бөлүнгөн акчага бардык талапка жооп берген 6 бөлмөлүү жаңы ФАП курулду. 30-августта ал имараттын ачылышы өтүп, пайдаланууга берилди. Ошондой эле Панфилов райондук аймактык ооруканасынан керектүү жабдуулар тапшырылды», - деди ал.

Учурда ФАПта бир фельдшер эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×