Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Чүй облусуМосква району 02.09.2019 13:50 На русском

Каналдан тор менен балык кармагандардын видеосу. Ар бир балык үчүн канча айып пул төлөнөт?

Turmush -  Социалдык тармактарга тор менен балык кармаган адамдардын видеосу тарап жатат. Видеодон Самат аттуу адам шериги менен каналдагы сууга тор жайып, балык кармашканын көрүүгө болот. Ош-Баткен аңчылар жана балыкчылар коомунун инспектору Улукбек Сейдалиевдин айтымында, каналдардан, агын суулардан тор менен балык уулоого тыюу салынган.

«Видео өлкөбүздүн түндүгүндөгү айылдарда тартылган. Негизи агын суулар, каналдар менчикке берилбейт. Мындан улам каналдардагы балыктарды кармоо үчүн тор салууга болбойт. Бир гана кайырмак менен кармоого уруксат берилген. Тор менен балык кармагандардын иши мыйзамсыз экендиги аныкталса, ар бир балыкка 505 сомдон, андан тышкары 11 миң 500 сом өлчөмүндө административдик айып пул салынат. Анткени балыктарды узундугу 22 сантиметрден жогору болгондо гана кармоого болот. Ага чейинки балыктар чабактар болуп эсептелет», - деди ал.

Ал эми видеодо өзүн Самат деп тааныштырган адам балыктар Чүй облусуна караштуу Москва районунун Беловодск айылындагы көлмөдөн кармалганын билдирди.

«Бул балыктарды 2 күн мурда кармаганбыз. Мен балыкчы эмесмин. Кызыгып эле кармадым. Социалдык тармактарга тараган видеодогу балыктар каналдан эмес, көлмөдөн кармалган. Агам 2 жылдан бери көлмөдө балык багып келет. Ошол көлмөдөн тор менен кармаганбыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×