Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Чүй облусуСокулук району 01.09.2019 14:17

Сокулукта кичи автобус сүзүп кеткен 2 жаштагы кыздын апасы окуя тууралуу айтып берди

Сокулукта айдоочу 2 жаштагы кызды сүзүп кетти
Сокулукта айдоочу 2 жаштагы кызды сүзүп кетти

Turmush -  Сокулук районунда эки жаштагы кызды сүзгөн кичи автобустун айдоочусу качып кеткенин Чүй ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирген. Айдоочу көп узабай окуя болгон аймактагы видеокамералардын жардамы менен кармалган болчу.

Жабырлануучу кыздын апасы Ж.Курманова окуя тууралуу аймактык кабарчыга айтып берди.

«Окуя Сокулук районунда 30-августта саат 12:30 чамасында болду. Айдоочу кичи автобус менен нан ташып иштейт экен. Ал жолдон кызымды сүзүп алганда дароо токтоптур. Кызымды көтөрүп, ары жакта ойноп жүргөн улуу балама карматып коюп, өзү кетип калыптыр. Чоң балам айдоочу жаш жигит экенин айтты.

Биз тез жардам кызматы менен ооруканага кызымды эс-учун жоготкон абалда алып бардык. Азыр абалы бир аз жакшы болуп калды. Бишкек шаарына томографияга алып баргыла деп жатышат. Унаа сүзгөндө башы менен урунуп, эки тиши сынып кетиптир.

Милицияга арыз жаздым. Соттук-медициналык экспертизанын жообун күтүп жатабыз. Тергөөчү дагы экспертизанын жыйынтыгына жараша иш алып барарын айтты», - дейт ал.

Ошондой эле: «Эми айдоочунун эжеси келип, тескерисинче бизге доомат коюп: "Кызыңар балким тепкичтен кулап кетсе керек, бизди жөн жерден күнөөлөп жатасыңар" деп кетишти. Айдоочу кармалганда чоң уулум айдоочуну, кичи автобусту дагы таанып, көрсөтүп берди», - деп кошумчалады.

Жабырлануучу үй-бүлөдө 3 бир туугандын кичүүсү.

Шектүү — Сокулук айылынын 1993-жылы туулган тургуну В.М. экени аныкталган. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Автоунаа айып короого киргизилип, учурда тергөө, териштирүү иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×