Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Чүй облусуЧүй району 30.08.2019 15:10

Милиционер Абдыманапов «кызарып-татарып» уят болгон күйөө баланын күтүүсүз окуясын айтып берди

Turmush -  Чүй РИИБдин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын улук инспектору, милициянын лейтенанты Абдыманапов Тилек Жанышбекович бала кезинен эле милиция кызматкери болууну кыялданчу. Ал жалгыз жашаган кайын атанын уурдаткан уюлдук телефону жөнүндөгү окуясын эч унута албайт. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Бул окуя мурун болду эле. Мен анда аймактык тескөөчү болчумун. Чүй районунда жалгыз жашаган абышка бизди үйүнө чакырып, уюлдук телефонун үйүнүн ичинен эле уурдатып жибергенин айтты. Үйүндө кызы, күйөө баласы да бар экен. Абышкадан эмне болгонун сурап жатсак, күйөө баласы «кошуналар эле алды. Алган кишини тапкыла, чара көргүлө» деп бизге аябай бакылдап, акыл үйрөтүп жатты. Биз мыйзам чегинде арызын каттап, ишти териштирип баштадык. Абышка кимден көрөрүн билбейт экен. Биз өзүбүздүн ыкма менен алгач Токмок шаарындагы уюлдук телефон саткан жерлерден сураштырып, баягы уурдалган телефонду таап алдык. Алып-сатар «кече бир киши сатып кеткен, аны көрсөм тааныйм» деди. Ал киши ким дебейсизби? Кылмышты иликтөө учурунда бизге бакылдап жаткан күйөө баласы болуп чыкты. Кармалганда аябай уялды. Абышка болсо эч нерсе дебей, тосмо арыз жазды. Ушул окуя эсимден кетпейт. Анткени бул биз үчүн күтүлбөгөн окуя болчу», - деди ал.

Тилек Абдыманапов 1989-жылы Токмок шаарында төрөлгөн.

«Атам каза болгон. Апам Назгүл Кулова, эжем, келинчегим жана кызым бар. Өзүм Чүй районунун Чүй айылындагы №15 орто мектепти аяктап, Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Токмок шаарындагы филиалында билим алгам. Аны 2013-жылы бүтүргөм. 2000-жылы Токмок шаарынын күзөт кызматынын милиционери болуп эмгек жолумду баштадым. Ал жерде 2014-жылга чейин эмгектенип, андан соң Чүй РИИБдин кайгуул күзөт кызматында, 2015-2016-жылдары нөөмөт бөлүмүндө, 2016-2019-жылдар аралыгында коомдук коопсуздук кызматынын милициянын аймактык ыйгарым укуктуу тескөөчүсү болуп иштедим. 2019-жылдын июль айынан баштап жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясында эмгектенип келе жатам», - деди ал.

Милициянын лейтенанты Тилек Абдыманапов жумасына 2-3 жолу достору менен футбол ойногонду жакшы көрөт.

«Бала кезимден эле милиция кызматкери болуп, кылмыштуулук менен күрөшкүм келчү. Албетте жумушубуз оңой эмес, бирок милиция кызматында иштеген өзүмө абдан жагат. Кесибим менен сыймыктанам! Кызмат менен бирге үй-бүлөлүк түйшүктөргө да жетишип жана үй-бүлөмдү толугу менен камсыздаганга аракет кылам. Кесибимдин арты менен бир топ сыйлыктарга татыдым. Чүй районунун акиминин ардак баракчасы, милиция күнүнө карата Чүй ОИИБдин алкыш баракчасына жана башка сыйлыктарга ээ болуп жүрөм.

Бош убагымда досторум, кесиптештерим менен бир жумада 2-3 жолу футбол ойнойм. Ал эми келечекке максаттарым көп. Милиция кызматында жогорку ийгиликтерге жетишип, кыргыз элиме пайдам тийсе дейм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×