Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Чүй облусуАламүдүн району 30.08.2019 14:13

Аламүдүндө 117 окуучуга бекер окуу куралдары тапшырылды

Turmush -  Чүй облусунун Аламүдүн районунда демөөрчүлөр тарабынан 117 окуучуга бекер сумка, окуу куралдары берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

«Мындай жардам жылына 3-4 жолу көрсөтүлүп турат. Бул жолу окуу жылынын башталышына карата берилди. Анда ата-энесинен, атасынан же энесинен ажыраган балдарга жана аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдарына жеке демөөрчүлөр тарабынан сумка жана окуу куралдары берилди. Иш-чара концерттик программа менен коштолду», - деп маалымдашты аталган бөлүмдөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×