Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Чүй облусу, Токмок 29.08.2019 09:44

Токмокто бактардын куураган бутактарын кыйып жатышат

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарынын Коммуналдык ишканалар комбинаты тарабынан жергиликтүү тургундардын жана коноктордун коопсуздугу үчүн бактардын куураган бутактарын кыюу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Токмок шаарынын мэриясынан билдиришти.

«31-август — Эгемендүүлүк күнүнө карата тиешелүү иштер аткарылууда. Анын алкагында шаар тургундарынын жана коноктордун коопсуздугу үчүн бактардын куураган бутактарын кыюу иштери башталды. Өзүңөр билгендей, күз мезгилинде шамал башталат. Анын кесепеттерин алдын алуу зарыл», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×