Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Чүй облусуАламүдүн району 28.08.2019 12:23 На русском

Сууга чөккөн атасы менен агасын «тур» деп боздогон бөбөк: Куткаруучу М.Токоевдин окуялары

Turmush -  Чүй облусунун Аламүдүн райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн улук офицери Мирбек Токоев куткаруу кызматына чейин аскердик атайын кызматтарда иштеп келген. Ал былтыр Аламүдүндөгү сууга чөгүп кеткен ата-баланын денесин алып чыккан учурда жээкте калган дагы бир 3 жаштагы баласынын боздоп ыйлаганын унута албайт. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

«Биздин кесип чынында оор. Ар кандай окуяларга күбө болуп келебиз. Ар бир кырсыкта адамдарды көрүп, бооруң ооруйт. Ошолордун ичинен эң эсте калганын айтып берейин. 2018-жылы Аламүдүн суу сактагычынан атасы менен баласынын денесин алып чыкканбыз. Ошолорду көрүп аябай ыйлагым келген. Анткени атасы эки уулу болуп сууга түшүп эс алганы барышыптыр. Ал ортодо 6 жаштагы баласы сууга агып кетип, аны куткарам деп атасы да сууга кирип, экөө чогуу агып кеткен экен. Жээкте 3 жаштагы баласы жалгыз калып, ал коркконунан ыйлап, ары-бери чуркап баштаганда ары жакта кой кайтаргандар көрүп калышыптыр. Ошол маалда 3 жаштагы бала дагы сууга секирүүгө аракет кылып, аны кармап калышкан экен.

Бизге чакыруу түшүп, атасы менен 6 жаштагы баланын денесин алып чыкканбыз. Ошондо 3 жаштагы бала эч нерсеге түшүнбөй «ата, байке тургулачы» деп боздоп ыйлады. Биз баланы алаксытып, ар нерселерди айтып, көңүлүн көтөргөнгө аракет кылганбыз. Бирок бала атасы менен байкесине барам деп жулунуп жатты. Ошондо аябай боорум ооруп ыйлагым келген. Негизи эле жаш балдар катышкан кырсыктар жүрөктү оорутат.

Быйыл Аламүдүн районунда сууга чөгүп каза болгондордун саны 12 адам болду. Сууга адамдардын көп чөгүп жатканы кайдыгерликтен. Алардын көбү мас болуп сууга түшкөндөр жана көзөмөлсүз жалгыз келген жаш балдар. Сууга түшүүнүн эрежелерин так сактабагандыктан ушундай болуп жатат. Түшүүгө болбойт деген көлмөлөргө барып түшүшөт», - деди ал.

Мирбек Токоев майда-чүйдө коопсуздук эрежелердин баарына маани берүү керек экенин белгиледи.

«Куткаруучулук кесип адамды ар ишке жоопкер, жашоого сак, көңүл кош мамиледен алыс кылат экен. Мурда байкабаган жашообуздагы майда-чүйдө эрежелерди так сактап калат экенсиң. Мисалы, мурда өрт, жол, суу коопсуздуктарына анча маани берчү эмесмин. Ар түрдүү кырсыкка кабылган адамдардын окуясын көрүп, кудайга тобоо келтирип калдым. Азыр майда-чүйдө эрежелердин баарын так сактап, жашоомдо чоң жоопкерчилик пайда болду. Билгенимдин баарын тааныштарга, тегерек-четте жашагандарга айтып, үйрөтүп турам. Үйдөн алыс кеткенде сөзсүз электр жарыгын өчүрүп, унааны акырын айдап, жайык талаада чөп өрттөсөң, аны көзөмөлгө алып туруу керектигин айтам. Сууга мас абалда түшпөөгө, тыюу салынган көлмөлөргө барбоого үндөп келем.

Сактансаң сактайм деген сөз бар. Ошол чын экен. Кырсыктар адамдардын кайдыгерлигинен келип чыгат», - деди ал.

Мирбек Токоев Кара-Балта шаарында 1988-жылы төрөлгөн.

«Кара-Балта шаарында 8-класска чейин окудум. Андан кийин Сокулук районунун Военно-Антоновка айылына көчүп келип, Бишкектеги №15 мектепти аяктагам. Үй-бүлөдө 3 бир туугандын экинчисимин. Бир эжем жана бир карындашым бар. Мектепти бүтүргөндөн кийин 2006-жылы Калыйнур Үсөнбеков атындагы Куралдуу күчтөрүнүн аскердик институтуна барып, аны 2010-жылы ийгиликтүү аяктадым. Ошол эле жылдан 2014-жылга чейин Ош жергесинде аскер бөлүгүнүн отрядында иштедим. Кийин Баткендеги аскер бөлүгүнө которулуп эмгектенгем. 2017-жылдан баштап Аламүдүн районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн улук офицери болуп эмгектенип келе жатам.

Куткаруучулук кесипти тандап алуунун деле өзгөчө себеби жок. Болгону ушул тармакта окугандыктан куткаруучулук кесипти аркалап калдым. Аскер жана куткаруучу кызматында бир топ жетишкендиктерге жетип, көптөгөн сыйлыктарга ээ болдум. Анын ичинен ИИМдин 1-2-3-даражадагы сыйлыгын алгам.

Келечекте ушул кесибим менен ийгиликтерди жаратып, элге жардамым тийсе дейм. Өзүмдүн билген тажрыйбаларымды жаңы муунга үйрөтсөм дейм. Министр, генерал болсом экен деп чоң-чоң максаттарды коем. Сөз бар эмеспи: "генерал болууну эңсебеген жоокер, жоокер эмес" деген», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×