Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусуАламүдүн району 26.08.2019 16:40

Динар Шаркулова Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси болду

Turmush -  Шаркулова Динар Жумадиловна Чүй облусунун Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка министр Гүлмира Кудайбердиева кол койгон.

Шеркулова 1964-жылы Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Мойнок айыл аймагына караштуу Беш-Күнгөй айылында төрөлгөн. 1986-1988-жылдары Фрунзе кооперативдик техникумунда бухгалтердик эсеп боюнча билим алган. 2003-2008-жылдары Чүй университетинин филология факультетинде окуган.

imgonline-com-ua-Frame-blurred-B7OXlmNRuRPidMv7 5 баланын энеси.

Эмгек жолу:

- 1988-1997-жылдары «Таш-Мойнок» жумуш кооперативинин бухгалтери;

- 1997-2000-жылдары декреттик өргүүдө болгон;

- 2001-2003-жылдары «Политехник» профилактикалык-санаториясынын ашпозчусунун жардамчысы;

- 2003-жылдын апрель айынан ноябрь айына чейин Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүндө экономист;

- 2003-2004-жылдары Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүндө башкы бухгалтер;

- 2004-2008-жылдары Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүндө аткаруучу адис;

- 2008-жылдан ушул күнгө чейин Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүндө башкы адис, Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчисинин милдетин убактылуу аткаруучу.

Ал мамлекеттик бир нече сыйлыктын ээси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×