Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Чүй облусуАламүдүн району 24.08.2019 16:01

Чүйдөн жоголгон 10 жаштагы бала 15 күндөн кийин Ысык-Көлдөн табылды. Сүрөт

Turmush -  7-августта Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында жоголгон 10 жаштагы бала Ысык-Көлдөн табылды. Бул тууралуу кечээ, 23-августта Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 16-августта Аламүдүн РИИБге Токмок шаарынын 42 жаштагы тургуну С.Т. кайрылып, 10 жаштагы баласы С.А.ны табууга жардам сураган. Баласы 7-августта саат 10:00 чамасында Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз экендигин билдирген. Бала ата-энеси менен Токмок шаарында жашай тургандыгы, жайкы каникулда Кой-Ташка чоң энесине баргандыгы такталган. Ал буга чейин да системалуу түрдө үйдөн кетип калып жүргөндүктөн милициянын каттоосуна алынгандыгы белгилүү болгон.

Баланы издөө аракеттеринин натыйжасында ал Ысык-Көл облусунда экендиги аныкталган. 22-августта милиция кызматкерлери Чолпон-Ата шаарына жана Бостери айылына барып издешкен. Жыйынтыгында бала аман-эсен табылды. Ага түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин ата-энесине өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×