Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Чүй облусу, Кара-Балта 25.08.2019 11:15

Кара-Балтада дарактардын куурап жатышынын болжолдуу себеби айтылды

Turmush -  Кара-Балта шаарында бак-дарактардын куурап жатышынын болжолдуу себеби айтылды.

Маалым болгондой, шаарда «Универсал» муниципалдык ишканасы куурап калып, кооптуулук жаратып жаткан дарактарды кыйып жатат. Санитардык иштердин алкагында сейил бактагы дарактардын биринен курттар табылды. Андан кийин башка дарактар да текшерилип, бешөөнүн ичинен дал ушундай курттар чыкты. Адистер бул зыянкечтер кайдан чыккандыгын билбей жатышат.

Азыркы учурда дарактардын куурап калуусуна ушул курттар себеп болушу мүмкүн экендиги болжолдонуп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×