Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Чүй облусуКемин району 23.08.2019 16:41 На русском

Айыл турмушу: 32 жаштагы китепканачы Г.Турсуналиеванын студенттик доору быйыл аяктады

Turmush -  Кемин районунун Ильич айылынын тургуну Гүлайым Турсуналиева 3 жылдан бери айылдык китепканада эмгектенип келет. Ал быйыл жайкы эс алуу убагында жайлоого боз үй тигип, чабандарга жана алардын балдары үчүн китепкана уюштурду. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен Ильич айылынын китепканасында 3 жылдан бери эмгектенип келем. Акыркы маалда китеп сүйүүчүлөрдүн катары көбөйө баштаганы кубандырат. Айылда кары-жашы дебей 30 чакты киши келип, китеп окуп турушат. Көбүнчө мектеп курактагы балдар келет.

Биздин райондо мамлекеттик администрация тарабынан уюштурулган китепканачылардын сынагы жүрүп жатат. Ошол сынактын негизинде Кемин боюнча жайлоого жалгыз чыктым. Калган китепканачылар айылда ачык асманда китепкана уюштурушту. Жалпы катышуучунун саны жыйырмага жетти. Биз болсо Белсаз жайлоосуна чыгып, боз үй тигип, ага ата-энелердин суранычы боюнча айылдан да бир жумага балдар келишти. Ал эми жайлоодогу мал баккандардын балдарын чогултканда 12 бала болду. Булардан сырткары тогуздай чоң киши келип, биз алып барган кызыктуу китептерди окуп жатышты. Таза абада ар кандай кызыктуу оюндар уюштурулуп, балдар жакшы эс алышты. Айылда китеп бетин ачпаган балдардын китепке болгон кызыгуусу артты. Биз 12-июлдан 18-августка чейин жайлоодо болдук», - деди ал.

Китепканачы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Боз-Булуң айылында 1987-жылы төрөлгөн.

«Доосалы Туратбеков атындагы Боз-Булуң орто мектебин аяктап, андан соң Бишкектеги №17 лицейде эки жыл окудум. Билим алуу эч убакта кеч эмес деп айтылат. Быйыл Республикалык маданият колледжинен окуумду аяктап, дипломумду алдым. Өзүм үй-бүлөлүүмүн, 4 баланын апасымын», - деди китепканачы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×