Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусуЖайыл району 23.08.2019 15:05

Алексеевкада суу түтүктөрүн калыбына келтирүү иши жүрүүдө

Turmush -  Жайыл районуна караштуу Алексеевка айылында суу түтүктөрүн калыбына келтирүү долбоорунун 80 пайызы аткарылды. Бул тууралуу журналисттерге 22-августта Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы Замирбек Мамаев пресс-турдун жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, долбоор Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата, Бүткүл дүйнөлүк банк жана өкмөт тараптан колдоого алынып жаткан «Ала-Тоо булагы» программасынын жүрүшүндө ишке ашырылып жатат.

Долбоордо 37 суу түтүгүн алмаштыруу каралган. Учурда 36 чакырымга орнотулуп, 400 кудук курулду. Дагы эки суу топтому коюлат.

2018-жылдын 28-майында тендер өтүп, ушул эле жылдын 2-июлунда иш башталган. Бүгүнкү күндө суу түтүкчөлөрү 1000 үйгө киргизилди, жылдын аягына чейин дагы 1900 үйгө жетет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×