Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Чүй облусуЖайыл району 23.08.2019 13:08

Жайылдын Сары-Булак айылында 3,2 млн сомго ирригациялык система оңдолду

Turmush -  Сары-Булак айылында 3 млн 2 миң сомго ирригациялык система оңдолду. Бул тууралуу журналисттерге 22-августта Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата уюштурулган пресс-турдун жүрүшүндө Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Турусбек Ногоев билдирди.

766236.ede5ac588a369b6f6b1f5275f2b68a7e

«Ирригациялык системаны оңдоо иштеринин жүрүшүндө 1,9 чакырым аралыкка лотоктор курулду. 150 үйдүн короосунда суу чыгарылды.

3 млн 2 миң сомдун 2 млн 7 миң сому мамлекеттик бюджеттен, ал эми 500 миң сому жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×