Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Чүй облусуМосква району 23.08.2019 12:55

Москва районундагы социалдык шаарча. Сүрөт

Turmush -  Москва районуна караштуу Садовой айылындагы коомдук шаарчадагы 16 үйдө 64 батир бар. Бул тууралуу 22-августта Садовой айыл аймагынын башчысы Муратбек Дөөлөткулов билдирди.

Айылдык кеңештин төрагасы Василий Саратовцевдин айтымында, шаарчанын жалпы аянты 1,5 гектарды түзөт.

«Бул долбоор туура бир жыл мурун ишке кирген. Инвесторлорду таап, жерлерди көрүп чыктык. Кайрымдуулук фонду үйлөрдү куруп берди, ал эми шаарчанын ачылышы 2019-жылдын 11-апрелинде болду. Шаарчага жашай турган жашоочулар арыз аркылуу тандалып алынды. Жетишпеген үй-бүлөлөрдүн, жалгыз бой энелердин тизмесин түзүп, кайрымдуулук фондуна жибергенбиз. Анда 100гө жакын үй-бүлөлөрдүн арызы кабыл алынып, фонд тараптан шаарчада жашай турган тургундар тандалып алынган», - деди ал.

Ошондой эле фонд мечит, кийим тигүүчү жай жана дүкөн курууга кеткен чыгымдарды төлөп берген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×