Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Чүй облусуПанфилов району 23.08.2019 09:38

Панфиловдун Курама айылында таза суу системасы оңдолууда

Turmush -  Панфилов районунун Курама айылында таза суу системасын калыбына келтирүү үчүн долбоордун алкагында 57 чакырымга суу түтүк орнотулду. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Бакытбек Эсенаманов билдирди.

Анын айтымында, долбоор АРИС аркылуу ишке ашып, Бүткүл дүйнөлүк банк каржылап жатат.

«Бүгүнкү күндө 170 млн сом каражат берилип, 53 чакырымга суу түтүктөрү орнотулушу керек. Долбоорго бир нече көчөлөрдү киргизгенбиз. Ошондо жалпы суу түтүктүн узундугу 57 чакырымды түзөт. 300 метрлик, 262 метрлик, 167 метрлик, 202 метрлик 4 скважина бургуланган. 1 миң 843 үйдүн ичинен 1600 үйгө эсептегич орнотулуп жатат. 11 миң адамдын ичинен 9 миң адам таза суу менен камсыз болду», - деди ал.

Айыл өкмөттүн алдында «Курама суу» муниципалдык ишканасы түзүлүп, аз камсыз үй-бүлөлөргө суу жагынан жардам көрсөтүү үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 490 миң сом бөлүнгөн. Аталган долбоордун 78,9 пайызы пилоттук болуп саналат. Калган каражат өкмөт тарабынан бөлүнүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×