Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Чүй облусуПанфилов району 23.08.2019 09:08

Вознесеновка айылында үй-бүлөлүк медицина борбору курулуп жатат (сүрөт)

Turmush -  Панфилов районунун Вознесеновка айылында үй-бүлөлүк медицина борбору курулуп жатат, деп билдирди 22-августта Вознесеновка айыл өкмөтүнүн башчысы Эмир Аманкулов пресс-турдун жүрүшүндө.

Маалыматка караганда, оорукананын имараты эскирип калгандыктан айыл өкмөт АРИСке кайрылган. Ал жактан комиссия келип, имаратты оңдоого болбойт деген бүтүм чыгарышкан. Андан кийин алар кайрымдуулук уюмдарга кайрылышкан. Алардын бири долбоорду жактырып, айыл өкмөт менен биргеликте иш алып барууда. Бул комплекстүү долбоор: борбордо терапевт, хирург, башкы дарыгер болот жана дарыкана дагы жайгашат.

Ошондой эле анын жанына мечит курулуп жатат. 20 күндүн аралыгында курулуш аягына чыгат. Долбоордун жалпы суммасы 25 млн сомду түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×