Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Чүй облусуПанфилов району 23.08.2019 08:41

Панфиловдун Эфиронос айылындагы бала бакча 2,8 млн сомго оңдолду

Turmush -  Панфилов районунун Курама айыл өкмөтүнүн Эфиронос айылында 50 орундуу бала бакча оңдолду. Бул тууралуу 22-августта пресс-турдун жүрүшүндө белгилүү болду.

Айыл өкмөттүн инвестиция боюнча адиси билдиргендей, бала бакчаны оңдоп-түзөө үчүн 2,8 млн сом (гранттын жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен) жумшалган. Эмеректер жана жабдыктар үчүн 1,5 млн сом Чүй облусун өнүктүрүү фондунан бөлүндү. Оңдоо иштери өткөн жылы жүргүзүлүп, жабдыктар жана эмеректер 2019-жылы алынган.

Советтер союзу учурунда имаратта бала бакча болгон, кийин ал мектеп катары пайдаланылган. Окуучулар аз болгондуктан алар башка мектепке которулуп, имарат 20 жыл бош турду. Эми кайра бала бакча болуп ачылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×