Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусуАламүдүн району 22.08.2019 09:12

Константиновка айылында үй-бүлөнү колдоо борбору ачылат

Turmush -  Аламүдүн районунун Ленин айыл өкмөтүнүн Константиновка айылында сентябрдан тартып үй-бүлөнү колдоо борбору иштеп баштайт. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Кайыргүл Бекова билдирди.

Анын айтымында, Константиновка айылындагы маданият үйүн калыбына келтирүү үчүн 4,9 млн сом каражат каралган. Тендердеги баа 3,9 млн сом болсо, жалпысынан жабдыктары менен бирге 6 млн 100 миң сомду түзгөн.

«2018-жылы маданият үйүнүн имаратын оңдоо чечими кабыл алынган. Бүгүнкү күндө маалыматтык такталар илинди. Борбордо 120 орундуу зал, интерактивдүү такта, сыналгы, компьютер, оюн ойноочу бөлмөдө сүрөт тартуу үчүн такталар бар», - деди ал.

Борбордун ачылышы ушул жылдын 14-июнунда өткөн. 1-сентябрдан тартып иштеп баштайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×