Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Чүй облусуАламүдүн району 22.08.2019 08:39

Васильевкада 5 млн сомго суу мунарасы курулду

Turmush -  Аламүдүн районунун Васильевка айылында 5 млн сомго суу мунарасы курулду. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Аида Казбекова билдирди.

Анын айтымында, Васильевканын бюджети 5 млн сомду түзөт.

«Васильевкадагы суу көйгөйүн чечүү үчүн айыл өкмөт ар кандай фонддорго кайрылган. Суу 130 үй-бүлөгө чейин жеткирилди. Суу мунарасынын басымы чоң. Сентябрь айында дагы 130-200 абонентти суу менен камсыз кылуу пландалууда. Ал үчүн тиешелүү жумуштар аткарылып жатат. Мындан тышкары Виноградное айылында кичи скважина ачылган», - деди ал.

Суу мунарасын коомдук фонд куруп берген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×