Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Чүй облусуЖайыл району 21.08.2019 18:20 На русском

Суусамырдагы жол кырсыкка күнөөлүү делген жаран кармалды

Шектүү
Шектүү

Turmush -  Суусамыр өрөөнүндөгү жол кырсыкка күнөөлүү делген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.

Ушул жылдын 18-августунда болжол менен саат 10:00 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 174-чакырымында 3 унаанын — Талас облусунун 1995-жылы туулган тургуну А.Т. башкарган «Хонда-Торнео» үлгүсүндөгү автоунаа, 1980-жылы туулган А.Ж. башкарган «МАН-Т-40» май ташуучу унаа жана 1982-жылы туулган А.у.И. башкарган «Мазда GX-7» үлгүсүндөгү автоунаанын катышуусунда жол кырсыгы болгон.

Кырсыктын кесепетинен «Мазда GX-7» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу, анын 1982-жылы туулган жубайы А.Н., алардын балдары — 2006-жылы туулган А.Р., 2015-жылы туулган А.У. каза болуп, 2011-жылы туулган кызы ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилген.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 297-беренеси (автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

Күбөлөрдүн айтымында, жол кырсыгына себеп болгон «Хонда-Торнео» унаасынын айдоочусу биринчи медициналык жардамды алгандан кийин окуя болгон жерден качып кеткен. Милиция ага издөө жарыялап, шектүүнү кармоо боюнча ыкчам-тергөө иштери жүрүп жаткан.

«Бүгүн, 21-августта Чүй ОИИБдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан Бишкектин кичи райондорунун биринен кылмышка шектүү делип 1995-жылы туулган Т.А. аттуу жаран кармалды», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×