Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Чүй облусу, Токмок 21.08.2019 14:51

Токмокто темир жолдогу кырсыктан жабыр тарткан машинист ооруканадан чыкты

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарында темир жолдогу кырсыкта жабыр тарткан машинист ооруканада 8 күн жатып, дарыланып чыкты. Бул тууралуу Токмок шаардык аймактык ооруканадан билдиришти.

«Ооруканада 8 күн жатып, толук сакайгандан кийин ушул дүйшөмбү күнү үйүнө чыгарылды. Алгач ооруканага алып келишкенде сөөктөрү сынган деген шектенүү болгон. Томографиядан текшерсек сөөктөрдүн сыныгы жок экен. Болгону денеси ооруп калган», - деп билдиришти ооруканадан.

Буга чейин темир жолдо вагон менен бара жаткан локомотив токтоп турган вагонду сүзүп, рельстен чыгып кеткен. Окуя 12-августта саат 22:00 чамасында болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×