Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Чүй облусуКемин району 21.08.2019 14:21

Кеминдин Ильич айылына тоодогу булактан суу тартылып жатат

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Ильич айылына 2600 метр аралыктагы булактан таза суу тартылып жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ильич айыл аймагынын башчысы Темирлан Мамбеталиев билдирди.

«Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында айылдарды таза суу менен камсыз кылуу аракеттерин көрүүдөбүз. Ильич айылын таза суу менен камсыз кылуу үчүн кайрымдуулук фонду тарабынан 1 млн 500 миң сомдун тегерегинде акча каражаты бөлүнүп, ага 2600 метр аралыктан, тоодогу булактан таза суу тартылып жатат», - деди ал.

Ильич айыл аймагына Совет, Жаңы-Жол айылдары кирет, жалпы 2400 киши жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×