Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 21.08.2019 14:06

Новопокровкадагы суу топтоочу скважина калыбына келтирилип жатат

Turmush -  Ысык-Ата районунун Новопокровка айыл өкмөтүндөгү суу топтоочу скважина калыбына келтирилип жатат.

Айыл өкмөт башчысы Мирлан Кыдыкеев билдиргендей, жайкысын суунун жетишсиздиги көйгөй жаратат.

«Негизги скважина бар. Бирок анын кубаттуулугу элди суу менен толук камсыз кылууга жетиштүү эмес. Мындан улам 1992-жылы суу топтоочу скважинаны калыбына келтирүү иштерин баштаганбыз. Андан кийин каражаттын жетишсиздигинен улам токтоп калган.

Май-июнь айларында кайрымдуулук фонд аталган скважинаны калыбына келтирүү иштерин баштаган. Азыркы тапта документтештирүү боюнча иштер жүрүп жатат. Бир айдын ичинде скважина даяр болуп калат», - деди ал.

Скважина 150 үй-бүлөнү (400-500 адам) суу менен камсыз кылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×