Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Чүй облусуАламүдүн району 21.08.2019 13:58

Лебединовка айылында 22 млн сомго 140 орундуу бала бакча курулуп жатат (сүрөт)

Turmush -  Аламүдүн районунун Лебединовка айылында жылдын аягына чейин муниципалдык бала бакчанын курулушу аяктайт. Бул тууралуу 21-августта райондун акими Марс Саккараев пресс-тур учурунда билдирди.

Анын айтымында, курулуш иштери 28-июнда башталган. 140 орундуу бала бакчанын жалпы аянты 2500 чарчы метрди түзөт. Курулуш иштеринин жалпы баасы 22 млн сом. Башка айыл өкмөттөрдө дагы ушундай эле иштер жүргүзүлүп жатат.

«Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында аткарыла турган иштердин планы түзүлгөн. Анын негизин калкты суу менен камсыз кылуу, жолдорду оңдоо, социалдык объекттерди куруу сыяктуу маселелер түзгөн. Райондогу мектептер, бала бакчалар жана медициналык мекемелер 100% интернет байланышы менен камсыз болгон», - деди аким.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×