Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Талас облусу, Талас 21.08.2019 12:26

Көпүрөдөн табылган 2 кыздан туугандары баш тартып: Таластагы окуянын чоо-жайы

Turmush -  Талас шаарынын 33 жаштагы тургуну Бактияр Алиев бир нече жылдан бери милициянын катарында кызмат кылып келет. Аймактык кабарчы кенже лейтенант менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Кара-Буура районунун Чоң-Кара-Буура айылында туулган.

«2002-жылы мектепти аяктап, Талас шаарындагы агрардык техникумдун жер адиси бөлүмүндө билим алып баштагам. Ал жакты аяктаган соң Талас мамлекеттик университетинин жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүн аяктагам. Эң биринчи эмгек жолум Кара-Буура РИИБдин күзөт кызматында башталды. Андан соң Манас РИИБде коштоп жүрүүчү милиционер (конвой) болуп иштедим. 2014-жылы кайрадан Кара-Буура РИИБдин нөөмөт бөлүмүндө иштедим. 2016-жылы Талас ШИИБге айдоочу болуп келгем. 2018-жылдан баштап Талас ШИИБде жаш өспүрүмдөр менен иштөөчү инспектор болуп иштеп жатам.

Мектепте өтө бейбаш бала элем. Өзүм милицияга көп түштүм. Окуучу кезде кармала берип, формачандарды көрсөм эле кача турган болгом (күлүп). Талас ШИИБдин башчысынын азыркы орун басары биздин айылда аймактык инспектор болуп иштечү. Ал мени тентектигим үчүн көп жолу кармаган эле. Унаасын көргөндө алыстан эле качып кетчүбүз. Азыр ойлосом ошол киши көп профилактикалык иштерди жүргүзүп, мени түздөгөн экен. Учурда ал кишинин жетекчилигинде иштеп жатканыма сүйүнөм. Өзү дагы кээде «тентек баладан бир нерсе чыгат дебедим беле» деп тамашалап күлүп калат. Мен дагы көп балдарга өзүмдүн тажрыйбамды айтып, көп жаман иштерди алдын алсам деп аракет кылам», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле жумушунда эсинде калган учурларды эскерди.

«Былтыр бир окуя болду. «Көпүрөдөн 2 кыз табылды» деген кабар түштү. Барсам бири 8 жашта, экинчиси 5 жашта экен. Үйүн сурасам билишпейт. Үйдүн жанында дүкөн бар экенин айта беришти. Унаама салып алып, Талас шаарындагы бардык дүкөндөрдү кыдырттым. 50гө жакын дүкөндү көрсөттүм. 8 жаштагы кыз бир маалда бир дүкөндү көрсөттү. Барганыбызда дүкөндүн жанындагы үй таенесинин үйү экенин билдик. Таенесинин дагы абалы начар болгондуктан «бага албайм» деп албай койду. Кыздарды реабилитациялык борборго тапшырдык. Алардын кийимдери кир, чачтарын бит басып кетиптир. Апасы Түркияда иштеп, кыздары атасы менен турчу экен. Көрсө алар 1 күн мурун Талас районундагы атасынын үйүнөн качып чыгышыптыр. Үй-бүлөсүндө эч кандай шарт болбой, балдарынан баш тартышып, ал кыздар Бишкек шаарындагы жетим балдар үйүнө жеткирилген.

Жоголгон жаш өспүрүмдөр да болот. Аларды таап, ата-энелерине тапшырып беребиз. Түшүндүрүү иштери менен кырсыкты алдын аласың. Кышында эшикте калган адамдарды алып кетүүгө туура келет. Алып келсең эс-учун билбей мас абалда болушат. Бооруң ачыйт, бирге иштеген балдар өздөрүнүн кийимдеринен алып келип, кийинтип койгон учурлар болот.

Бул жакта балдар менен иштеген өтө оор, бирок кызыктуу. Шаардын мектептеринде балдардын массалык мушташуусун алдын алабыз. Көбүнчө бир мектеп менен экинчи мектептин балдары ээн жерлерде, токойдо, ээн калган үйлөрдө жолугуп мушташышат. Үстүнөн кармап алган учурлар көп болот. Айрыкча тентек балдар менен иштеп жатканда аларга дос катары мамиле жасап, ал ишенген адам болгонго аракет кыласың. Сенин сөзүң жеткиликтүү болгон соң бир нерсени алдын алсаң болот. Өзүң дагы ошол балага үлгү болгонго аракет кылып, көп жаман сапаттарыңды тыйып каласың», - деди ал.

Лейтенант ИИМдин самбо боюнча мелдешинде байгелүү орунга ээ болгон. Жубайы Бийжанова Нази экөө 2 кызды тарбиялап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×