Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Чүй облусу, Токмок 21.08.2019 11:10 На русском

Токмокто таңкы намазга келген тургундар мечитти таппай калышты. Сүрөт

Turmush -  Токмок шаарындагы төрөт үйүнүн жанында жайгашкан мечит толугу менен өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Мечит 300 чарчы метр аянтта жайгашкан. Өрт 20-августтан 21-августка караган түнү чыгып, куткаруучуларга кырсык тууралуу төрөт үйүнүн түнкү нөөмөттөгү медайымдары билдиришкен.

«Биз кечки намаздан кийин мечитти бекитип кеткенбиз. Анткени, мечит шаардын ортосунда болгондуктан ар кандай мас кишилер кирип жатып алышат. Биз бекитип кеткенден кийин электр тогунан өрт чыккан окшойт. Өрттү төрөт үйүнүн медайымдары көрүшкөн. Алар дароо өрт өчүрүүчүлөргө телефон чалышыптыр. Куткаруучулар өрттү чектөөгө алышкан. Биз таңга маал багымдат намазына келгенде мечит толугу менен күйүп кеткенин көрдүк. Бирок мечиттеги Каабанын сүрөтү, сүрөө жазылган килем күйбөй калган», - деди тургундар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×