Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Чүй облусуСокулук району 20.08.2019 17:06 На русском

Айыл турмушу: Нурия айым 35 жылдык өмүрүн билим берүүгө арнаган

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну Токтогул кызы Нурия 35 жыл билим берүү тармагында эмгектенди. Учурда ардактуу эс алууда. Каарманыбыз 10-класс кезинде республикалык олимпиадага катышып, залкар жазуучу, сынчылар менен жолугушкан. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«1978-жылы май айында кыргыз тили жана кыргыз адабияты боюнча республикалык олимпиадада 3-орунду алып, грамота жана баалуу белектер менен сыйлангам. Эртеси белгилүү жазуучулар менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушууга Т.Үмөталиев, А.Токомбаев, М.Буларкиева, М.Байжиев жана Ш.Үмөталиевдер келишти. Ошондо мен 10-классты аяктап жаткан учурум болчу. Ушул эле 1978-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин механика-математика факультетине барып, аны 1983-жылы аяктадым. Студенттик күндөр жакшы өттү. Отрядда комиссар болуп жүрдүм», - деди ал.

Ардактуу мугалимдин эмгек жолу Москва районундагы Беш-Корук орто мектебинде башталган.

«Директордун тарбия иштери жана окуу иштери боюнча орун басары болдум. Акыркы 26 жыл Сокулук районундагы К.Шопокова атындагы орто мектеп-лицейде эмгектендим. Райондук, облустук мактоо баракчаларын алдым жана 2010-жылы «Эл агартуунун мыктысы» төш белгисине ээ болдум. 1990-жылдан бери шайлоолордо да иштедим. Шайлоо комиссиясынын мүчөсү, катчысы, төрайымы болдум. 2016-жылы январда ардактуу эс алууга чыктым.

Мектепте иштегениме аябай сыймыктанам. Билимимди көптөгөн окуучуларга үйрөттүм. Талапты катуу койгон мугалим элем. Мугалимдерге да катуу талап койчумун. Азыр кээде өкүнүп кетем. Бир аз жумшагыраак болсом болмок экен деп калам. Бирок ошол катуу талаптын арты менен мыкты кесиптин ээлери болгон окуучуларым менен сыймыктанам. Эл агартуу тармагында 35 жыл тынымсыз эмгектендим. Жашоомдо өз ордумду таап, кызымды окутуп, жакшынакай турмушка узаттым. Ошондой эле 2 бөлмөлүү батир алдым. Өмүрүм, эмгегим текке кеткен жок деп ойлойм. Мектебимди абдан сагынам», - деди каарманыбыз.

Ал алгач жогорку класстарга математика сабагынан окутуп, кийин башталгыч класстын окуучуларын окутуп калган.

«К.Шопокова атындагы мектеп-лицейде иштеп жаткан кезимде союз жаңыдан тарап, элдин түшүнүгү бир аз өзгөрүлүп баштаган. Ошондо мектепте иштөө кыйын болуп калды. Мугалимдердин көбү айлыктын айынан башка жумуштарга кетип, мугалим жетишсиз болуп жатты. Ошондо математиканы 6 күн катары менен 6 сааттан өтчүмүн. Бул сабакты түшкө чейин өтүп, түштөн кийин башталгыч класстарга сабак берчүмүн. Ошентип жүрүп эмнегедир мага башталгыч класстын окуучуларына билим берүү жагып калды. Алардын баёо, таза жан дүйнөсүнө жакын болуп кеттим. Кийин башталгыч класстарга гана сабак бере баштадым», - деди ал.

Токтогул кызы Нурия 1961-жылы Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы Туз айылында төрөлгөн.

«Ал учурда биздин айылда 8-класска чейин эле мектеп бар болчу. 1-класска 1968-жылы киргем. Андан кийинки класстарды Калинин орто мектебинде уланттым. Үй-бүлөдө 12 бир туугандын бешинчисимин», - деди ал.

Ардагер мугалимдин бир кызы жана 4 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×