Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Чүй облусу, Кант 20.08.2019 12:58

Кантта футбол мелдеши уюштурулду

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кант шаарында футбол мелдеши өттү. Ага Россиянын аскер-аба базасынын кызматкерлери, жеке ишкерлер жана Кант шаарынын жаштары катышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Футбол кызуу жүрүп, анын жыйынтыгында ишкерлер 1-орунду алышты. Жеңүүчүлөргө кубок, медаль жана ардак баракчалар тапшырылды. Ошондой эле «Мыкты дарбазачы» наамын Ринат Найманов, «Мыкты оюнчу» наамын Денис Сафонов алды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×