Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Чүй облусу, Кант 19.08.2019 12:49

Кантта аз камсыз 2 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кант шаарындагы аз камсыз эки үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү.

Кайрымдуулук иш-чара Бүткүл дүйнөлүк гуманитардык жардам күнүнө карата жеке демөөрчүлөр тарабынан уюштурулду.

14 жана 17 жаштагы кыздар менен 9 жаштагы баланы тарбиялап өстүрүп жаткан Ксения Миняева демөөрчүлөргө өзүнүн онкологиялык оорусу менен кантип күрөшүп жатканын, жолдошу дары-дармек үчүн бир эмес эки жумушта иштеп жүргөнүн айтты. Ал эми экинчи үй-бүлө Изольда Михайлова өзүнүн турмушу, үй-бүлөсү жөнүндө айтып, жардамга келген демөөрчүлөргө ыраазычылыгын билдирди.

Аларга кийим-кече, балдарга оюнчуктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×