Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Чүй облусуПанфилов району 19.08.2019 12:18 На русском

«Акыркы 15 секунд эсимден кетпейт»: Волга аттуу айгыры менен спорттогу жашоосун баштаган Бексултан

Turmush -  Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Кум-Арык айылынын 23 жаштагы тургуну Талант уулу Бексултан көк бөрү, эр эңиш жана кыргыз күрөштө көп ийгиликтерге жетишти. Ал чоң атасы энчилеп берген Волга аттуу айгыры менен спорттогу жашоосун баштаган. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Ата-энем үйдө жылкы багышат. Негизи эле ата-тегим төө, жылкы кармап, улак тартышка чыгып жүргөн экен. Мен дагы кичинемден ат жалында өстүм. Мектепте 5-класста билим алып жүргөн кезимде улак тартышка кызыгып, айылдагы оюндарга катышып жүрдүм. Ошондо чоң атам мага энчилеп Волга деген айгырды берген. Ошону менен спорттогу жашоом башталды. 7-классымдан тарта кыргыз күрөш менен машыга баштадым. Эки жылдан кийин эле кыргыз күрөшү боюнча райондун жана Чүй облусунун чемпиону болдум. 11-класста окуп жүргөндө алыш күрөшү боюнча республиканын чемпиону болууга жетиштим. Ал ортодо улак тартыш, эр эңиш оюндарына да катышып жүрдүм. Быйыл көк бөрү боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын кубогуна ат салыштык. Ал эми эр эңиштен дагы кур эмесмин. Жакында эле өткөн Кожомкул атабыздын тоюна барып, 70 кг салмакта 2 балбанды утуп чыктым. Бирок үчүнчү беттеште атым жүгүрбөй, тескерисинче элди көздөй качып туруп алды. Ошондо калыстар тобу мени оюндан чыгарып коюшкан. Районубуздагы тойлордогу эр эңиштерден калбай катышам. Бул спорт боюнча Калыбек Бузурманкуловдун колунда даярданып машыгам», - деди ал.

Талант уулу Бексултан 1996-жылы 22-сентябрда Чүй обулусуна караштуу Панфилов районунун Кум-Арык айылында төрөлгөн.

«Спортто эсте калган жакшы күндөр жана мүнөттөрдөн айтып берейин. Улак тартыш боюнча райондун чемпионаты болуп жаткан. Финалга чейин жетип, 1:0 эсебинде утулуп жатканбыз. Оюндун аягына 15 секунд калды. Көрүп турган эл, ойноп жаткан улакчылар, «бул 15 секундда болду утулушту» деген ойдо болчу. Бирок ошол 15 секунддун ичинде бир «гол» салып кетип, 1:1 эсеби менен чыкканбыз. Ушул оюн такыр эсимден кетпейт. Анткени мен дагы «болду утулдук» деп ойлоп, бирок акыркы келген мүмкүнчүлүктү кое бербей, болгон күчүм менен аракет кылдым.

Үй-бүлөдө 2 бир туугандын кичүүсүмүн. Менден улуу байкем бар. Мен үчүн көк бөрү, эр эңиш жок болсо, жашоонун кызыгы жок. Негизи көк бөрүгө көбүрөөк басым кылып машыгам. Менин бир талантым бар. Кандай гана спорт болбосун тез өздөштүрүп кетем.

Көк бөрү оюнунда мага акыл айтып, жол көрсөтүп, көтөрмөлөп жүргөн Эрдан Тургунбаев, Нуку Молдокуловго ыраазымын. Келечекке максаттар көп. Кыргыздын намысын коргойм, желегин желбиретем», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×