Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Чүй облусуСокулук району 19.08.2019 11:18

Айыл турмушу: Жанар Алгожоева жүздөн ашык чөптөн дары жасаганды билет

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылынын тургуну Алгожоева Жанар Зарлыковна 1996-жылдары турмуш шартка байланыштуу дары чɵптɵр менен иштеп баштаган. Учурда ал дары чөптүн жүздөй түрүн өздөштүрүп, дарычылык касиети бар шакар самынды дагы жасайт. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Ал Жайыл районундагы Суусамыр өрөөнүндө 1967-жылы төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, 5 баланын апасы.

«Мен 1996-жылдан бери дары чөптөр менен иштейм. Дары чөптөр менен иштөөгө ошол убактагы жашоо-турмуш түрткү болду. Көбүнүн эсинде болсо керек, анда элдер дипломдорун үйгө катып коюп, өздөрү ар кандай жумушта тиричилик кылышкан. Ошол убакта балдарым дагы кичинекей болчу. Жолдошумду карап отурбай, дары чɵптɵрдү терип, кургатып, дары жасап, эл керегине жарата баштадым. Негизи ошол 1990-жылдары дары чөпкө суроо-талап аз болчу. Азыр дарыканалардагы фабрикалардан келген дарылардын сапаты начарлап, эл кайрадан чөп дарыларга басым кыла башташты. Оорунун түрү дагы көбөйбөдүбү. Азыркы учурда дары чөп сурап кайрылгандар абдан кɵп.

Бул дары чөптөрдү даярдоону чоң апам Уулбайдан үйрөндүм. Ал кезинде бала эмдеп, жүрөк көтөрчү. Үйгө жаш келиндер наристелерин көтөрүп келгенде чоң апам адырашманды түтөтүп, өзүнүн ырымдарын жасап калчу. Үйдө дайыма көкөмерен, керечтин тамыры турчу. Чайга кадимки кара мурчту салып иччү. Азыр ойлосом ошонун баары дары турбайбы. Ошентип жылдан-жылга тажрыйба топтоп жүрүп, учурда жүздөн ашык дары чөптүн түрүн билем. Элдик жана илимий медицинада колдонулуучу чөптөрдүн дээрлик баарын үйрөндүм. Тактап айтканда, элдик медицинадагы дары чөптөргө ак кодол, күчала, уулжан, эрбаасын чөптөрү кирет.

Баса белгилеп айтарым, Кыргызстандын чөбү дүйнө жүзүндө жакшы бааланат. Коңшу Казакстан, Россияда биздин чөптөр сатылат. Биз чөптөрдөн дары-дармек жасоодон сырткары, шакар самын дагы жасап сатып жатабыз. Бул шакар самын безеткиге, жараларга, шыбоого, колоңсого жакшы. Шакар самындын эки түрүн арча менен эчкинин майын кошуп, дары чөптөр менен жасайбыз. Биринчи түрү дарычылык касиетке ээ болсо, экинчи түрү косметика катары колдонулат», - деди ал.

Каарманыбыз Жал айылындагы Р.Мамыралиев атындагы мектебинде мугалимдик кесипти аркалоо менен бирге коомдук фонддун төрайымы, жамааттык мультимедиа борборунун жетекчиси болуп да иштейт.

«Мектепте биомаданий ар түрдүүлүктү окутуу жана жайылтуу борбору ачылган. Бул жерде окуучулар, кол ɵнɵрчүлүк, улуттук ашкана, дары чɵптɵрдү даярдоо боюнча окуп үйрɵнүшɵт. Суу жетпеген жерге 45 түп алма, ɵрүк, кара ɵрүк отургуздук. Аны тамчылатып сугаруу системасы менен багып жатабыз. Этноботаникалык бакча ачтык. 4 жылдан бери биомаданий ар түрдүүлүк жана салттуу билим боюнча мугалимдерди жана окуучуларды үйрɵтүп келем. Корообузда канча дары чɵптɵр бар экенин, алардын ден соолукка пайдалуулугун ар дайым түшүндүрүп берем. Ата-бабаларыбыз дары чɵптɵрдү ɵзүн дарылагандан тышкары мал чарбачылыкта, косметикада, табигый боекторду алууда колдонгон экен. Биз ата-бабаларыбыз колдонгон дары чɵптɵрдү колдонгонду билип, аны балдарыбызга үйрɵтүшүбүз керек», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×