Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 17.08.2019 12:08 На русском

«Жолдон «ырымдаткыла» дегендер болду»: Чүйлүк саяпкер Россиядагы ат чабыштан долларларды утуп келди

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районунун 35 жаштагы тургуну Чыңгыз Иманалиев Ак-Таноо аттуу күлүгү менен Москва шаарындагы Евразия мелдешине катышып, алтын медаль тагынып келди. Ал аймактык кабарчыга Евразия мелдеши, Москва шаарына күлүктөрүн кантип жеткиргенин жана өзүнүн буга чейинки жеңиштерин айтып берди.

Иманалиев Чыңгыз Талантбекович 1984-жылы Ысык-Ата районуна караштуу Чоң-Далы айылында төрөлгөн. Ал үй-бүлөлүү, бир уул, бир кыздын атасы. Билими орто.

Ат жалында өткөн 21 жыл

- Бала кезден ат жалында чоңойдум. Эмнегедир атка аябай кызыкчумун. Ошондон улам болсо керек 14 жашымда, тактап айтканда 1998-жылдары өзүбүздүн колхоздун аттарын чаап, көптөгөн ийгиликтерге жетишип жүрдүм. Ошондон бери 21 жылдын жүзү болду. Ушул 21 жыл бою ат таптап, ат чаап келдим. Кудайга шүгүр, эми минтип машыктыруучу болдум.

Евразия мелдешин жеңип, Европага жолдомо алдым

- Евразия мелдеши ушул жылдын 6-июль күнү Москванын Тверск районунда өттү. Биз 28-июнда жолго чыкканбыз. Кыргызстандан эки спортчу барганбыз. Тилекке каршы экинчи спортчубуз 40 чакырымда аттын ден соолугуна байланыштуу жарыштан чыгып калды. Мен ат чабышка катыштым. Жалпысынан 78 күлүк катышты. Мелдеш 3 этап менен, тактап айтканда 80, 120, 160 чакырымга чабылды. Мен 120 чакырымга чаптым. Жарышка беш өлкөдөн күлүктөр келди. Алар: Белоруссия, Өзбекстан, Казакстан, Россия жана Кыргызстан.

Мен Ак Таноо деген 9 жаштагы айгыр менен баргам. Байгесине 1800 доллар, кубок, алтын медаль алдым. Ошондой эле, Европада боло турган ат чабыштарга жолдомо беришти.

Жол азабы, көр азабы

- Москвага атайын ат ташыган унаа менен эки ат алып кеттик. 3 сутка жол жүрдүк. Унаанын айдоочусуна 50 миң сом бердик. Мындан сырткары жолубузга, тамак-аш, жатаканабызга 400 миң сом кетти. Биздин байкебизден да жардам болду. Жолдо эч кандай деле кыйынчылыктар болгон жок. Россияга барабыз дегенде алдын ала керектүү документтерди топтоп алганбыз. Казакстандан Россияга жеткичекти бир дагы ЖКККБнын кызматкерлер тоскон жок. Москванын өзүнө киргенде документтерибизди жана аттардын документтерин текшеришти. Мындан тышкары бажы кызматынан текшерүү болду. Бизге чакыруу электрондук түрдө келген болчу. Келе жатканда Казакстандын бир-эки аймагынан тосуп, «ырымдап» кеткиле деп тийишкендер болду. Биз «ырымын» жасап, жолубузду улап келе бердик.

Аттарыбыз менен бирге үйдө берип жүргөн чөп, жем, суубузду кошо салып алганбыз. Эмнеге дегенде, башка жердин суусун, чөбүн дароо бербеш керек. Адаптация деген бар. Мисалы, Казакстандын суусу тузду. Алып кеткен жем, суу жетип, ал тургай үйгө артып келди.

Чет жердеги мелдештин ал-абалы

- Беш өлкөдөн келген тулпарлардын баарын көрбөсөм да Россия менен Польшанын күлүктөрүн көрүп келдим. Менин оюм боюнча бул мелдеш жогорку деңгээлде өттү. Бардыгы өз орду менен жана эч кандай эреже бузуулар болгон жок. Сабак ала турган жери — биз эрежени туура жана так алып жүрүүнү үйрөнүшүбүз керек экен.

Буга чейинки ийгиликтер

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 80 чакырымга чаап, 2-орунду, быйылкы 1-майда өткөн жарышта 1-орунду ээледим (80 км). Ошондо Россияга жолдомо алып, барып калдым. Ушул мезгилге чейин 14 автоунаа, акчалай сыйлыктарды уткам.

Быйылкы ат чабыштар жогорку деңгээлде өтүп жатат. Алдыда Эгемендүүлүк күнүнө даярдык көрүп жатабыз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×