Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Чүй облусуМосква району 16.08.2019 16:30 На русском

Москва  районундагы селсаяктар түнөгөн жайга айланган маданий имараттар. Сүрөт

Turmush -  Чүй облусунун Москва райондук маданият үйү жана айылдык клубдар көп жылдан бери жараксыз абалда. Аларды учурда кара кулпу кайтарат. Бул тууралуу райондук маданият үйүнүн 26 жаштагы директору Мырзабек Эрмеков аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, райондо 1 райондук маданият үйү, 25 айылдык клубдар бар. Алардын ичинен 6 маданий мекеме жараксыз абалда.

«Райондук маданият үйү 1933-жылы курулган. Анын тарыхына таянсак, союз учурунда маданият борбору болгон. 16 жылдан бери кароосуз турат. Ал райондук сейил багына жана базарга жакын жайгашкандыктан айланасы, ичи таштандыларга толуп, түнкүсүн селсаяктардын түнөгүнө айланган. Айрым маалыматтарга караганда, 2020-жылы капиталдык оңдоо болот экен. Азыр райондук маданият бөлүмү тийиштүү иш кагаздарын топтоп, сметасы да түзүлгөндүгүн айтты.

Ал эми Сретенка, Спартак, Биринчи май айыл өкмөтүндөгү, Крахмалапаточный, Ийгилик, Техсервис жана Ак-Суу айыл өкмөтүндөгү айылдык клубдардын имараты урап, ичи таштандыга толуп, чатырларынан суу өтүп, кооптуу, жараксыз абалда. Ошондой эле Ак-Суу айыл өкмөтүндөгү Темен-Суу маданият үйү да талапка төп келбейт. Албетте, бул райондо көп жылдан бери маданият тармагында топтолгон олуттуу көйгөй. Маданият кызматкерлери үйү жок адамдай жүрүшөт. Өзгөчө, Ак-Суунун «Ак элечек айымдары» жана башка чыгармачыл топтор ар жерде топтолушуп даярданып жүргөнүн кандай түшүнүүгө болот?», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×