Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Чүй облусуАламүдүн району 15.08.2019 12:29 На русском

«Балам тирүүбү?»: А.Атамбаевдин үйүнөн 2 спецназды алып чыгып, уулун таппай калган медайым

Тез жардам кызматынын адиси Бурул Теңизбаева
Тез жардам кызматынын адиси Бурул Теңизбаева

Turmush -  Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кой-Таш айылынын 59 жаштагы тургуну Бурул Теңизбаева Арашан айылындагы оорукананын тез жардам бөлүмүндө эмгектенет. Ал кесиптештери менен бирге 7-августта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн суракка мажбурлап алып келүү боюнча жүргүзүлгөн атайын операциянын алкагында жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөткөн. Бурул Теңизбаева 7-августтагы А.Атамбаевдин үйүндөгү окуялар тууралуу аймактык кабарчыга айтып берди.

Уулуңуз да жаракат алыптыр дегенде жүрөгүм «болк» этти

Бул биздин жумуш, ар кандай кырдаалга даяр турабыз. Ошол күнү биз нөөмөттө болчубуз. Күндөгүдөй эле жашоочулардан чакыруу түшүп, кечки саат 18:30 чамасында 1,5 жаштагы баланы №3 балдар ооруканасына алып бардык. Ошол жактан чыгып жатканда бизге «Кой-Таш айылында бирөөнү атып салышыптыр» деген маалымат түштү. «Эмне болуп кетти? Эл ызы-чуу болуп жатабы?» десем, жумуштагылар билбейбиз дешти. Ага удаа эле айылдаштар телефон чалып калышты. Үндөрү коргулданып, чоочун угулду, «уктуңузбу, Кой-Ташта ызы-чуу болуп жатат. Сиздин балаңыз дагы жаракат алыптыр» дешти. Жүрөгүм «болк» этти. Эмнеден экенин билбейм, кулагым чуулдап чыкты.

Эч нерсеге карабай дароо ызы-чуу болуп жаткан Кой-Ташка жөнөдүк. Бирок А.Атамбаевдин үйүнө чейин бара алган жокпуз. Биз баратканда эле жеңил унаалар менен жаракат алгандарды ташып жатышыптыр. Алар тез жардам унаабызды көрүп, жаракат алгандарды бизге салып жатышты. Жаракат алгандарды Чүй облустук ооруканага, №4-шаардык ооруканага ташып баштадык.

Улам жаракат алгандарды унаага салганда же ызы-чуу болуп жаткан жерден келе жаткан тааныштарды көргөндө «баламды көргөн жоксуңарбы?» деп сурап жаттым. Ошентип таң аткыча жаракат алгандарга кесиптештерим менен бирге жардам берип жаттык. Бирок мен балама жете алган жокмун. Биздин оорукананын директору, башкы дарыгерлер баш болуп жаракат алгандарга жардам көрсөтүп жатышыптыр. Элдин баарынан «баламды көргөндөр барбы, тирүү бекен?» деп сурап жаттым. Көпчүлүгү көргөн жокпуз десе, кээ бирөө ар кайсыны айтып жатышты. Кимисине ишенеримди билбей калдым.

медайым

Ок тийип, башы-көзү жарылгандар

Аңгыча Кой-Таштан биздин дарыгер алдымдан чыгып калды. Мен андан «баламды көрдүңбү?» десем, ал көргөнүн айтты. Шашылып «тирүү бекен?» деп сурадым. Дарыгер мени тигиле карап «тирүү» дегенде жаным жай ала түштү. Анан ал «биринчи жардам көрсөтүп, ооруканага жөнөттүк, сарсанаа болбо» деди. Терең үшкүрүп жибердим да, кудайга шүгүр кылып, андан ары жумушумду аткара бердим.

Ок тийгендерди, буту-колунан жаракат алып, башы-көзү жарылгандарды ооруканага ташып жаттык. Так эсебин деле билбейм, бирок карапайым эл көбүрөөк жабыр тартып калды окшойт. Таң атайын деп калганда милиционерлер кетип, айыл тургундары чарчаган кишидей акырын басып, үйлөрүнө тарап кетишти.

Тургундар ооруканага баргандан коркуп жатышты

А.Атамбаевдин үйүнө барсак, ошол жакты карап жаткан балдар бар экен. «Бизди ичине киргизгилечи, карап чыгалы, мүмкүн кимдир бирөөгө жардамыбыз тийип калар» десек киргизишти. Үйдүн ичинде эл көп экен. Ар ким ар кайсы жерде отурат, айрымдар жатат. Карапайым эл милиция кызматкерлери кармап кетет деген шек менен ооруканага барбай отурушуптур. Ошол ооруканага баруудан баш тарткандардын көбү азыр өз үйлөрүндө дарыланып жатышат.

А.Атамбаевдин үйүнө киргенде 6 спецназды көрдүк. Тизилип отурушкан экен. Үчөөнүн абалы жакшыраак, үчөө ар кандай жаракаттарды алышыптыр. Аларга колубуздан келген жардамды көрсөттүк.

Эшикте ызы-чуу болуп жатканда кесиптештерим менен чогуу башка 2 спецназды эч кимге көрсөтпөй тез жардам унаасына киргизип кеттик. Унаанын ичинен кийимдерин чечтирип, аларды бейтап жата турган жердин алдына каттык. Жолду катар бизди токтотуп, унаанын ичин текшерүүнү каалагандар болду. Бирок биз алар менен сүйлөшүп, өтүп жаттык. Милиция кызматкерлерине спецназдарды өткөрүп берели десек, топтолгон эл улам келип калып жатты. Акырын айдап кете бердик. Биз 2 спецназды таштап, алардан башка оор жаракат алгандарга жардамга барышыбыз керек болчу. Беш-Күңгөй айылынын жанында милиция кызматкерлери бар экен. Спецназдарды ошолорго өткөрүп бердик.

WhatsApp Image 2019-08-15 at 12.17.36

Бурул Теңизбаева жана тез жардам унаасынын айдоочусу

Өлөт деген ушул экен

Жаракат алган балам жакшы болуп калды. Ошол күнү ызы-чууну көрүп, элдин агымы менен А.Атамбаевдин үйү жагына барып калыптыр. «Ызы-чуу учурунда четте карап турсам, бир маалда куралчан спецназдын карааны көрүндү» деп айтып берди ал. Өлөт деген ушул экен деп ойлоптур. Андан ары эмне болгону эсинде жок. «Көзүмдү ачсам эле ооруканага алып келишиптир. Оозумдун ичи жарылып, көзүм караңгылап, ооруп жатты» деди ал. Башынан дагы жаракат алыптыр.

Мен медицина тармагында толук иштесем 40 жылдай тажрыйбам болмок. Бирок ортодон турмуш шартка байланыштуу башка кесиптерди аркалоого туура келди. Медицина тармагында 20 жылдан ашуун убакыттан бери эмгектенип келе жатам. Тез жардам кызматында иштөө оор. Бул кызматта чыдаган гана адам иштейт. Ар кандай кырсыктарга кабылган бейтаптарга жеринен жардам беребиз. Бейтап же жабырлануучу менен кошо кайгырып, ыйлап-сыктабай, тез кыймылдап, аларга дем-күч берип, уруша турчу жерден урушуп, алдай турчу жерден алдап ооруканага алып кетебиз. Биздин жумуш ушундай. Эгер жумшак болуп, кырсык болгон жерден өзүңдү таштап койсоң, анда жаракат алган адамды ким куткарат? Балким ошол мүнөттөрдө ал өмүрү менен күрөшүп жаткандыр. Биз үчүн ар бир мүнөт баалуу.

Бурул Теңизбаева жөнүндө

Б.Теңизбаева 1960-жылы Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Үч-Эмчек айылында төрөлгөн. Мектепти бүтүргөндөн кийин медициналык окуу жайдан билим алган. Үй-бүлөлүү, 2 кыз, 2 уулдун апасы. Жолдошу 2-топтогу майып. 2 кызын турмушка узаткан. Кой-Ташта жаракат алган уулу үйлөнүп-жайланган. Кичүү уулу студент. 9 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×