Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Чүй облусуПанфилов району 14.08.2019 09:46

Осмонов сүйгөн Айдайдын жалгыз жоолугу жана атасынын өкүнүчү

Turmush -  «Замана кыргыз», «Көк асман астындагы он сан кыргыз», «Хан Самансур», «Жайыл баатыр баяны» аттуу китептердин автору, акын, санжырачы Нуритдин Жумалиев Чүй облусунун Панфилов районундагы Эркин-Сай айылынын 60 жаштагы тургуну. Ал учурда Каптал-Арык айылындагы А.Осмонов атындагы мамлекеттик мемориалдык комплексинин директору. Анын алп акын Алыкул жөнүндөгү тааныш-бейтааныш, белгилүү-белгисиз эскерүүлөрү менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, комплекстин жалпы аянты 3,2 гектарды түзөт. Анда 1990-жылы А.Осмоновдун музейи ачылган. Ошондой эле акындын айкели, эстелиги жана 3 боз үй бар. Айланасы арчалар жана кооз гүлдөр менен курчалган. Айрым бир маалыматтарда акын өтө жакыр жашагандыгы айтылат. Бирок, анын реалдуу чындыкка төп келбей тургандыгы жөнүндө Н.Жумалиев төмөндөгүдөй эскерет.

«Менин чоң апам биз окуган мезгилдеги "Алиппе" китебинин автору Бурул Рысбекова болгон. Ал жолдошу Рысбек Жумалиев менен (туугандык байланышы жок. Рысбек деген ат менен Рысбекова деген фамилия окшош) 1947-жылы Алыкулдун үйүнө конокко барышат. Алыкул менен Рысбек 1939-1940-жылдары Казандагы университетте таанышат. Ошол учурда акын «Жолборс терисин жамынган баатыр» китебин латын тилинде чыгарып жүргөн болот. Ошол күндөрүн чоң апам: «Жолдошум экөөбүз Алыкулдун үйүнө бардык. Чакан 2 бөлмөлүү үй эле. Эми үйдүн ичинин тазалыгы, анда элде жок идиш-аяктардын түрлөрү, жууркан-төшөктөрүнүн текчеде тирелип жыйылып турганы таң калтырган. Өзгөчө, биз көрө элек шкаф, стол, отургуч жана башкалар жалтырайт. Эми китептерин айтпай эле коеюн. Дүйнөлүк адабияттан башталган китептер дүйнөсү. Анын үйүнө чыгармачыл чөйрөдөгү адамдар көп келчү. Куттуу коломтонун оту түбөлүккө өчпөгөндөй эле. Жолдошум мага көзүн ымдап, «көрдүңбү? Акын ушундай жашайт» дегенсип, тамагын түзөп койгон. Ошол күн эсимден кетпейт. Бир чети уялгам, бир чети сыймыктангам. «Победа» үлгүсүндөгү жеңил автоунаасы менен Ысык-Көлдү мекендеген күндөрүчү... Анын да жөн-жайы бар тура. Көрсө, акындын кургак учук оорусу күчөп, мүнөзү түнт болуп турса да улам жашагысы келип, бирөөгө оорум жукпасын деген кыязда үй буюмдарын эч кимге карматпай жүргөн учуру экен. Алыкул күнү-түнү көшөрүп отуруп ыр жазып, маңдай теринен бардар жашоого жетишкен» деп айткан эле. Ал чындыгында дүйнө топтоюн деген эмес. Маданияттуу жашоо образын жараткан. Башкаларга үлгү болгон. Оорусу күчөп турса да, «Бүт дартыңды өз мойнума алайын. Сен ооруба, мен ооруюн Ата Журт!» деп ыр саптарын жараткан. Өмүрүнүн акырында жашоого болгон кумары күчөгөн. Ошол кумары ыр саптарындагы тумар болуп калды», - деди Н.Жумалиев.

Айрым Алыкул таануучулардын пикиринде анын туулган жылы 1914-жыл делип жүрөт. Ал эми мындай ойду Н.Жумалиев четке кагат.

«Менимче, айрым адабиятчылар 1967-жылы Ала-Арча көрүстөнүнө тургузулган эстелигиндеги 1914-жыл деген жазууга таянат окшойт. Ага кандай себептен ошондой жазылып калганын жакшы билбей жүрөм. Ырас, ошондой болсо акындын 75, 80, 90, 95 жана 100 жылдык мааракелеринде эмне үчүн үн катпадык. Дүйнөлүк адабияттан бери туулган жылы 1915-жыл делип сиңип кетпедиби. Эми 100 жылдык мааракесинен соң ар жылды айтып коомчулуктун көңүлүн өзүнө бургандар пайда болду. Ырас, тарых тактыкты талап кылат. Бирок ал үчүн аргументтүү фактылар да бардыр. Алыкулду ыр сабынан, поэзия дүйнөсүнөн издебей, көрүстөндөгү жазуудан таанып калдыкпы? Философияда танууну таануу түшүнүгү бар. Майда-баратка илинбей, көркөм сөздүн күчү менен сүйүүнү, жашоону даңазалаган жактарын көрө билели», - деди санжырачы акын.

Ал андан ары сөзүн улап, Алыкулдун сүйүүсүнө токтолду.

«Сүйүү акынды бирде алсыратты, бирде күчтөнттү. Ш.Руставелинин «Жолборс терисин жамынган баатырын» которуп жатып, саптарында Айдай деп боздоду. Сүйгөнү Айдай Жигиталиева анын чыныгы поэзия океаны болду. Угушума караганда Айдайдын атасы кийин: «Менден чоң күнөө кеткен экен. Ошондо акын жигитке берсем болмок, аттиң армандуу күндөр!» деген экен. Мүмкүн, Айдай болбосо «Жолборс терисин жамынган баатыр» кандай которулат эле. Кандай болгон күндө да Алыкулдун арманы, сүйүүсү, жашоосу Айдай болду да калды. Азыр биздин музейде Айдайдын ак жоолугу, Алыкулдун идиш-аяктары, керебети, пальтосу, столу отургучу менен жана үналгысы, кол жазмалары, түрдүү сүрөттөрү жана башкалар сакталып турат. Саякатка келгендерге кеңири маалымат беребиз. Ошондой эле музейдин жанында А.Осмонов атындагы орто мектеп жайгашкан», - деди ал

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×