Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Чүй облусуПанфилов району 13.08.2019 16:37

Панфиловдо калкынын саны боюнча кайсы айыл өкмөт 1-орунда турат?

Turmush -  Чүй облусунун Панфилов районунда Вознесеновка, Орто-Арык, Курама, Фрунзе, Күрпүлдөк, Чалдовар айыл өкмөттөрү жана Кайыңды шаары жайгашкан. Алардын ичинен калкынын саны боюнча Курама айыл өкмөтү 1-орунда турат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Бактыгүл Казакбаева билдирди.

Анын айтымында, Курама айыл өкмөтүндө Орто-Арык, Жайылма, Эфиронос, Панфилов, Каптал-Арык жана Партсъезд айылдары жайгашкан. Калкынын саны 10956 адамга жетип, 20дан ашык улуттун өкүлдөрү бар. Айыл өкмөтүндө 7 мектеп, 5 бала бакчасы, 4 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу иштейт.

«Айыл аймагындагы эл дыйканчылык жана мал чарба менен эмгектенишет. Талааларга арпа, буудай, кызылча, беде жана түрдүү жемиштерди өстүрүшөт. Ал эми мал чарбасында уй, кой, жылкы кирешелүү тармак. Мындан сырткары Панфиловдун эстелиги коюлган аянтча жана А.Осмонов атындагы мамлекеттик мемориалдык комплекс жайгашкан. Таза суу жана жол маселеси бар. Бул тууралуу 30-июлда президент С.Жээнбековдун Панфиловдо эл менен болгон жолугушуусунда жергиликтүүлөр тарабынан да айтылды. Президент бул боюнча тийиштүү иш-чаралар болорун билдирген», - деди жооптуу катчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×