Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Чүй облусуПанфилов району 13.08.2019 15:35 На русском

Күйөөсүнө өзү тандап туруп аял алып берген Темиржан эне тууралуу баян

Turmush -  Бекбүбү Асанкулова Чүй облусунун Панфилов районундагы Кайыңды шаарынын 54 жаштагы тургуну. Ал Жайыл районундагы «Жайыл баатыр» музейинде эмгектенет. Жайыл баатырдын өмүрлүк жубайы Темиржан эне жөнүндөгү тарыхый маалыматтарды жыйнап, аны элге жеткирүүдө түрдүү иш-чараларды өткөрөт. Өзгөчө, коогалаңдуу мезгилде аялдардын жоокерлерге негизги таяныч болгонун айтат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, Темиржан эне Жайыл баатырдын өмүрлүк жубайы болгон. Ал жоокерлерге дайыма дем берип, колуна кылыч кармап жоо менен беттешкени тарыхый булактардын негизинде эскерилет.

«Жайыл баатыр 1705-жылы Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун Сафед-Булан айылында төрөлгөн. Ал жаш мезгилинде атасы Коңурбайдан ажырап, атасынын бир тууган иниси Кошойдун колунда жетилет. Кошой бий Жайылдын келечегин көрө билип, дайыма ээрчитип жүргөн. Өзүнүн жеке тандоосу менен жесир аял Темиржанга үйлөнткөн. Өмүрүнүн акырында өз бийлигин балдарына эмес, Жайылга ыйгарган.

Жайыл бий 35-40 жаштарында түпкү ата журту болгон Чүй өрөөнүнө көчүп келген. Ал Темиржан энеден Асан, Үсөн жана Теке аттуу 3 уулду болгон. Ошол жылдарда Темиржан эне: «Досуңдан душманың көп. Эртедир-кечтир кимдир бирөөдөн жесирге, жубанга үйлөнгөнсүң деген сөзгө жыгыласың» деп, кең пейилдүүлүгүнөн өз тандоосу менен Айкан деген кызды Жайылга алып берген. Андан Жайыл Бегимжан, Канымжан аттуу кыздуу, ошондой эле Итике аттуу уулдуу да болгон», - деди Б.Асанкулова.

1770-жылдардагы Жайыл кыргыны окуясында Темиржан эненин көсөмдүгү, колуна кылыч кармап кармашканы даана чагылдырылат.

«Тарыхта Жайыл кыргыны окуясы 1770-жылдарга таандык. Анда 30 миңден ашуун колу бар казактын Абылай ханы менен 6 миң чамасындагы жоокери болгон Жайыл баатырдын беттешүүсү жазылган. Ошол согушта сан жагынан үстөмдүк кылган Абылай хан Жайыл баатырдын колун алсыратып, артка чегинтет. Бул жагдайды көргөн Темиржан эне бийик ала баканга кыргыздын туусун илип, дөңсөө жерге саят да, жоодон качкан жоокерлерге «туудан өтүп кеткениң катынсыңар!» деп кайрылат. Ошондо жоокерлерде дем-күч пайда болуп, «Жайыл! Жайыл! Жайыл!» дешип ураан чакырышып, жоого кайрадан бет алышат. Алардын артынан жоокер кийимин кийген, чачын түйгөн, колуна курал алып, ат минген кыз-келиндердин жоон тобу Темиржан эненин жетектөөсүндө «Абылай ханга кул, күң болбойлу. Кашык каныбыз калгыча салгылашалы!» дешип, жаа тартып, кылыч чабышкан.

Ошол күндөрдө Сокулук тараптагы Шамшы жана Кызыл-Сууда 3 күн бою кан аралаш суу аккан экен. Казак жоокерлери жансыз денелерди чогултканда чачы жайылган жоокер кыз-келиндерди көрүп, аялдар менен салгылашканына таң калышкан.

Жайыл баатыр 1770-жылы каза болот. Анын жана балдары Үсөн, Текенин сөөгү Казакстандагы Мерке районуна коюлган. Кыргыз тарыхында бул окуя Жайыл кыргыны деп аталат», - деди ал.

Б.Асанкулова: «Темиржан эне элдин муңун, арманын кошо тарткан. Жолдошу Жайыл баатырдан, балдары Үсөн, Текеден айрылып, кытайлар барымтага алган Шарип, Шоорукчу неберлерин өмүр бою күткөн ызасы жүрөгүнө толгон. Ошондой күндө да элдин биримдигин, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн бүтүндүгүн ойлогон. Темиржан эне жөнүндө тарых барактарында аз. Мен 10 жылдан бери аны изилдеп келем. Айрым маалыматтарды жергиликтүү басма сөздөргө жарыялайм. Темиржан эненин туулгандыгы жана өлгөндүгү жөнүндө так маалымат жок. Бул энебиз жөнүндө кыргыз коомунун тарых барактарынын жаңы беттери ачылышы зарыл», - дейт.

Бекбүбү Асанкулова Жайыл баатырдын музейинин айланасын көрктөндүрүү, жашылдандыруу жумуштарын колго алган. Ал жаз алды менен гвоздика, роза, гүлкайыр, кутман таң, түн сулуусу жана башка гүлдөрдү отургузган. Жайы менен алардын түбүн жумшартып, сугарып келет. «Бул менин Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына кошкон салымым» дейт. Музей Бишкек—Чалдовар жолунун боюнда жайгашкандыктан жолоочулар көп келишет. Алар кооз гүлдөрдү таңыркай карашып өтүшөт.

Музейге келгендер Жайыл баатыр, Темиржан эне жөнүндө кеңири маалымат алышат. Аларга багыштап куран окушат. Өзгөчө үлпөт тойлордун ээлери келип, сүрөткө түшүүнү адатка айланткан. Мындай иш-чараларда Бекбүбү айымдын өстүргөн гүлдөрү алардын маанайын ачып турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×